8 өлкөнүн өкүлдөрү Баткендеги уникалдуу аймактарды, ыйык жайларды сактап калуу келишимине кол коюшту

Баткен облусунун аймагында геопарк ачуу боюнча ЮНЕСКОнун эл аралык семинары өттү. Үч күнгө созулган семинарга Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Казакстан, Германия, Түркия, Швецария, Башкортостан мамлекетинин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, семинардын жүрүшүндө Борбор Азиядагы уникалдуу аймактарга ЮНЕСКОнун геопарк статусун алуу маселелери талкууланды. ЮНЕСКОнун геопаркы - уникалдуу аймактарды изилдеп, табигый ресурстарды, ыйык жайларды сактап калуу максатын көздөйт. Бул семинардын дагы бир максаты - Баткен облусунун аймагындагы изилденбей жаткан жерлерди изилдеп, ал жерлерди өнүктүрүү менен геотуризмди өнүктүрүү саналат.

"Үч күнгө созулган ЮНЕСКОнун Баткен облусундагы иш-чара бүгүн официалдуу жыйынтыкталды. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана ЮНЕСКОнун Борбор Азиядагы өкүлү, уюштуруучулар жана иш-чарада катышып жаткан сегиз мамлекеттин өкүлдөрү Баткен облусунун аймагында “Баткен Геопаркын” түзүү жөнүндө келишимге жана мамлекеттер аралык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Түзүлгөн келишимге ылайык, Баткен облусунун аймагында жергиликтүү калктын экологиялык жана адеп-ахлактык маданиятын жогорулатуу иштери жүргүзүлөт. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо, туруктуу туризмди өнүктүрүү жана туризм чөйрөсүндө кадр дараметин күчөтүү багытында, Баткен облусунда ЮНЕСКОнун Глобалдык Геопаркын түзүү жана өнүктүрүү саналат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Эл аралык маанидеги мындай семинар Баткенде гана эмес Кыргыз өлкөсү, Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан