SUPER.KG порталынын каарманы омурткасы кыйшык өсүп, элден жардам сураган 12 жаштагы Элхан эсиңиздеби? Ал апасы Айзат Бакиева менен коомчулукка кайрылып, кайрымдуу адамдардан жардам сураган болчу. Мындан улам "Кайрымдуу бол" фондунун жетекчиси Азамат Байматов да көпчүлүккө кайрылып, Элхандын операциясы үчүн элден жардам чогултуп, Индия өлкөсүнө апасы менен алып барган.
Элхандын учурдагы абалы, мындан аркы кадамдары тууралуу Азамат Байматов төмөнкүлөрдү билдирди.
"Элханды Индияда бир нече күчтүү дарыгерлерге көрсөттүк. Алар баланы 7-8 жашында алып келгенде баары жакшы болмок дешип, азыр эми 50 пайыз гана кепилдик бар экенин айтышууда. Буга чейин биз Апазали деген баланы Түркияга алып барып, операция ийгиликтүү болуп кайтып келгенбиз. Бирок Элхандыкы аныкына караганда салыштырмалуу татаал экен, бирок ошентсе да үмүттү үзбөй дагы да алдыга кадамдарды таштап жатабыз.
Буюрса, алдыда Түркияга да алып барып, көрсөтөлү деп жатабыз. Себеби ал жакта дагы күчтүү дарыгерлер көп. Бүгүн түнү Элхан апасы менен Индиядан учуп келет, андан соң 14 күндөн кийин Түркияга учуп кетебиз. Эки жакты тең карап көрүп, чечимди баланын ата-энеси чыгарат, эгер алар макул болсо операция жасатабыз.
Биз биринчи эмне үчүн Индияга алып келдик, себеби бул жакта Түркияга караганда баасы арзан, бирок натыйжалуу операциялар жасалып келген", - деди Азамат Байматов.