Төмөнкү Ала-Арчадагы орто мектепте окуучусуна кол көтөргөн делген мугалимдин ишин Аламүдүн РИИБи тергейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Төмөнкү Ала-Арчадагы мектепте болгон окуя боюнча министрликте эки тараптын катышуусунда жолугушуу болгон. Жолугушууда эки тараптын тең пикири угулуп, жыйынтыгында окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Аламүдүн РИИБине кайрылуу боюнча бүтүмгө келишкен. Учурда окуя боюнча жашы жете электердин иштери боюнча инспектору тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Эскерте кетсек, Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде мугалим 7-класстын окуучусуна кол көтөргөнү айтылган. Анда мугалим окуучусун швабра менен бир нече жолу башка урганы жазылган.