Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маселени Жогорку Кеңеш кийинки аптада карайт. Муну парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков айтты. Жыйында айрым депутаттар “кыш келип калды, өкмөттүн даярдыгын кароо эмне үчүн кечиктирилип жатат?” дешкен эле. Төрага: “Өкмөт маалымат берүүгө даярданып жатыптыр, анча-мынча кемчиликтери бар экен. Кийинки аптада карайбыз”,- деди.