Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы чакырууну сунуштады.
"Президент 28-августта парламенттик шайлоону дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Мыйзамда президент кол койгондон тарта 7 күндө бир мандаттуу округдарды БШК бекитиши керек деп так жазылып турат. Акыркы мөөнөт 5-сентябрь болгон. БШК 5-сентябрда токтом кабыл алып, 14-сентябрда токтомду өзгөртүп башка токтом кабыл алып жатат. Бул мыйзамсыз. Эртең шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга жол ачып жатат. Экинчи борбор шаарыбыз Ошко бир мандат кылып коюптур. БШКнын төрайымын чакырып мыйзамсыз чыгарган токтомдору тууралуу маалыматты сурап коёлу", - деди Өмүрбек Бакиров.