Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков фейктер тууралуу мыйзам бийлик үчүн иштеп жатканын айтты.
"Маалыматтарды манипуляциялоо боюнча мыйзам кабыл алып бердик эле. Эмнегедир президент вето коё турган мыйзамга кол коюп, кол коё турган мыйзамга вето коюптур. Мен үчүн бул түшүнүксүз болуп калды. Бирок албетте президенттин пикири болуш керек. Бул боюнча менин каршы пикирим жок. Фейктер жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, иштеп жатат. Бир ырчы кара тоголок кат менен кайрылды эле, биздин 4 депутатты Ички иштер министрлиги суракка алды. Автор өзү "бул фейк, президенттик администрация оңдоп коюптур" деп жатат. Фейк маалымат болуп турса дагы депутаттарды суракка алышты. Мындай нерсе жакшылыкка алып барбайт", - дейт Момбеков.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Чыгармачыл чөйрөнүн өкүлү арыз жазганы, кол койгону анык, үстүңкү бир барагы алмаштырылып калганын айтып жатышат. Бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп жооп берди.