Депутат Жээнчороев башкы прокурор менен болгон пикир келишпестик тууралуу: "Түшүнбөстүктөрдү жокко чыгардык"

Депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Курманкул Зулушев менен болгон пикир келишпестиктер жоюлганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Курманкул Токторалыевич менен пикир келишпестик болуп калды. Эмоция менен бири-бирибизге ашыкча сөз сүйлөп алдык. Жолугуп ортодон чыккан түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарып алдык", - деди Жээнчороев.

Башкы прокурор: "Биз мыйзам боюнча талашканыбызды түшүнсөңүз болду. Башкы прокурор катары бирөөнүн артынан буйрутма, арыз берип же камап укугун тебелебейм, тебелегенге акым дагы жок. Буйрутма менен иш кылбайбыз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан