Министр Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри менен сүйлөштү

Кечээ, 21-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Грлич-Радман менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар жолугушууда буга чейинки жетишилген келишимдерди ишке ашыруу иштеринин жүрүшүн талкуулашты.

Министр Руслан Казакбаев хорват тарапка Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы 20 миң доза вакцинаны эки тараптуу негизде берүү чечими үчүн ыраазычылык билдирди жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ал вакциналарды өлкөгө алып келүү үчүн тиешелүү маселелердин үстүндө иштеп жаткандыгын маалымдады.

Ал эми министр Радман буга чейин кыргыз тарап сунуштаган ар кайсы тармактарда кызматташуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору учурда Хорватиянын мамлекеттик органдары тарабынан каралып жаткандыгын белгиледи.

Руслан Казакбаев ошондой эле Хорватиянын жогорку деңгээлдеги делегациясын Европа Биримдиги-Борбордук Aзия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министр Радман болсо 2021-жылдын декабрь айында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата Хорватиянын делегациясынын бул форумга катыша турганын белгиледи.

Тараптар мындан тышкары аймактык коопсуздук маселелерин да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан