Британиялык “New Economic Foundation” изилдөө борборунун аналитиктери 2012-жылдын эң бактылуу өлкөсү деп Коста-Риканы аташты. Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн катарынан 38-орунду ээледи. Ал эми коңшу Тажикстан-43, Өзбекстан-54, Казакстан-119 -орунда. Муну менен Кыргызстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө болуп калды. Ошондой эле жогорудагы изилдөө борборунун маалыматынын негизинде бактылуулуктун көрсөткүчү боюнча Кытай-60, АКШ-105, Орусия-122 -орунду ээлешкен.