Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиясында бир класста 45-50дөн окуучу 4 нөөмөттө билим алып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл тургуну Каныбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган айылда жаңы мектеп салынып баштаган, тагыраагы 2 кабаттуу мектептин сырткы корпусу тургузулуп, эшик-терезелери коюлган. Бирок 10 жылдан бери калган курулуш иштери бүткөрүлбөй келет.
"2 кызым Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиясында окушат. Гимназияда окуучулар 4 нөөмөт менен билим алышууда. 2-класста окуган кызымдын классында 45 бала окуйт. Бир партага 3төн отурушат. Бир күндө 3 саат эле окушат. Мурункудай 5-6 саат окуу деген жок. Аталган гимназия 750 окуучуга ылайыкташкан болсо, учурда окуучулардын саны 3 жарым миңден ашты.
Жаңы мектеп 10 жыл мурун курулуп баштаган. Мектептин дубалы тургузулуп, эшик-терезелери коюлган бойдон курулуш иштери токтоп турат. Өкмөттөн каражат бөлүнгөн экен. Бирок али бүтө элек. Биз жаңы мектептин курулуш иштерин бүтүрүп берүүнү суранабыз.
Жаңы мектеп бүтсө, эски мектептеги окуучуларды бөлүү керек. Сапаттуу билим алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керек эмеспи. Балдарыбыздын татыктуу билим алуусун каалайбыз", - деп билдирди Көчөрбаев.
Эске салсак, буга чейин аталган айылдын тургундары жаңы мектептин курулуш иштерин бүтүрүп берүү боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдошкон.