Депутат Шайлообек Атазов баалардын жогорулашы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын маалыматын угуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Эртең менен регламентти кабыл алып жатканда күн тартипте эки маселе бар болчу. Кымбатчылык боюнча министрлер кабинетинин төрагасын чакырганбыз. Аны үч айдан бери таппай жатабыз. БШКнын төрайымын чакырдык эле", - деди ал.
Вице-спикер БШКнын төрайымы жыйынга келгенин айтты.