Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев президент шайлоо боюнча элге кайрылуу жасашы керектигин айтты.
"Алдыдагы шайлоодо мурдагыдай жаңылыштык кетирчүдөй абал түзүлүп жатат. Ошондой эле чоң эки партия түзүлүп жатат. Эң чоң, таасирдүү кызмат адамдары бүгүнкү күндө партияларга каражаты бар талапкерлерди топтоп келип, өздөрү кепилдик берип, тизме түзгөнгө аралашып жатышат. Ошол боюнча сиз өлкө жетекчилигине маалымат беришиңиз керек деп ойлойм. Анткени шайлоо тынч, стабилдүү өтсө баарыбыз үчүн жакшы болот. Ошол эле убакта президент элге кайрылышы керек. Тегиз мамиле боло турганын айтышы зарыл", - деди ал.