ЭЛДИК КАБАР: "Баткендин Чек айылындагы каналдын тазалыгын эч ким карабайт. Малдын өлүктөрү агып келет" дейт тургун

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну кайрылды. Анда ал айылдагы каналдын тазалыгы көзөмөлгө алынбаганына нааразы экендигин айтты.

"Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы каналдан суу ичебиз. Ар дайым малдын, жан-жаныбарлардын өлүктөрү, таштандылар агып келе берип, ушул жерге такалып калат. Айыл тургундары көрүп калышса чыгарып коюшат. Буга айыл өкмөттөн эч кандай чара көрүлбөйт", - деп билдирди айыл тургуну.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Баткендин Чек айылындагы канал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан