Түштүк Кореяда учурда 4 миңдей кыргызстандык жаран бар. Муну 6-ноябрдагы парламент жыйынында вице-спикер Асия Сасыкбаева билдирди. Жыйында кыргыз-корея өкмөттөрү ортосунда кол коюлган, кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Депутаттардын “Түштүк Кореяда учурда канча кыргызстандык жаран бар?” деген суроосуна демилгечи өкмөт өкүлдөрү жооп бере алышкан жок.
Депутат Жылдыз Жолдошова: “Кореяда канча жараныбыз бар экенин эч кимиңер билбесеңер, анан кантип “ушул мыйзам долбоорун сунуштап, колдоп койсоңор ал өлкөдөгү мигранттарга жакшы болот” деп жатасыңар?” деди.