Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин биринчи жардамчысы Сергей Шефирдин унаасына ок атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-сентябрда эртең мененки саат 10:00 чамасында Лесники айылынын жанында болгон. Анда унаага 10дон ашык ок тийип, айдоочу жаракат алган.
"Сергей Шефир өзү жабыркаган эмес, бирок анын айдоочусуна үч ок тийип, оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.