Бишкектин вице-мэри Русланбек Акылбеков ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен транспорт боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Орозов Таалайбек Саратанбекович санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан