"Сыйлыгыма өзгөчө атам сүйүндү. Эми алдыңызбы дегендер дагы болду" дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Кахарова

Өлкөбүздүн 30 жылдыгынын урматына президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик жана маданий, коомдук ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Алардын катарында 30 жылдан ашуун убакыттан бери сахнада келе жаткан ырчы Гүлнара Кахарова дагы бар. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон ырчы айымга сыйлыгы менен куттуктап байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Элден айланса болот. Сыйлыкты алып дагы эл менен чогуу болдум, жакшылыктарда жүрдүк. Кудай кут кылсын деп жатам. Эми сыйлыктын деле эрте-кечи жок негизи, кеч болсо да сыйласа сүйүнөт экенсиң, айрыкча атам өзгөчө сүйүндү. Атамдын мынчалык сүйүнөрүн билгенимде мурда эле чуркап алсам болмок экен деп калдым.

Бир учурларда сыйлыктар дагы чаржайыт болуп кетпеди беле, ошол кездерде көңүлүбүз сууп калган. Бирок ардактап койсо кең мекен сонун эле стимул болот экен адамга. Сахнада 30 жылдан ашуун убакыттан бери жүргөн мага ушундай чоң шык берди, мен ойлойм жаш ырчыларга андан дагы дем-күч болот деп. Негизи баарын жакшы жакка бурсаң жакшы болот. Менин сыйлык алганым көпчүлүк күйөрмандарымды өзгөчө кубантты. Эч ким жаман сөз айткан жок, кайра "Эми алдыңызбы?" дегендер арбын болду. Жакшылыктарга барган сайын элдин алкоосу, батасына ыраазы болом, Кудайга миң ирет шүгүр айтам. Демек, тагдырыма элдик президенттин колунан аласың сыйлыкты деп жазылган экен да деп отурам", - дейт Кахарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-09-23 15:42:27
Ото сулуу эжеда,сыйлык Кут болсун,качан ала турган элениз.
+4
Belek1710
2021-09-23 18:31:08
Сыйлык кут болсун эжеке, аябай сыйлайм, аркасынан жаман сөз эрчитпеген адам, бактылуу болуңуз!
+2
nazira...
2021-09-23 18:31:35
Сонун сүйлөптүрсүз, азамат эже дагы ырларды ырдап чыгыңыз. Сиз ырдын майын чыгара ырдайсыз. Буюрса эл артисин бат эле аласыз. Аны үчүн талыкпай эмгектенип жаңы жаңы ырларды ырдашыңыз керек, сиз ага жетесиз. Балдарыңыз менен аман болуңуз.
+1
balzak
2021-09-24 09:58:11
Менин атам бул ырчы эжени аябай жакшы көрүп, баалайт, анан "ушул сыйлык ала элек" деп айта берчү. Эми атамды сүйүнтуп, айтып коюшум керек экен:-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан