Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды сабаганга шектелүүдө

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлери кош бойлуу аялды ур-токмокко алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Г.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Каракол ШИИБинин үч кызматкери тарабынан сабалганын айткан.

Арыз ээсинин айтымында, 5-август күнү Каракол ШИИБинин 3 кызматкери ага кол салып, сабап киришкен. Андан соң талаага алып барып, муунтуп, өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ал учурда жабырлануучу аял 5 айлык кош бойлуу болгон. Бирок милиция кызматкерлеринен тепки жеген соң боюнан түшүп калганын айткан. Ошондой эле Акыйкатчы аппаратынан ага кол салган кызматкерлерге карата чара көрүүсүн суранган.

Жазылган арыздын негизинде Акыйкатчы институтунун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусунун прокуратурасына билдирүү жөнөткөн.

Ал эми облус прокуратурасы аталган кылмышка шектелгендерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесине ылайык (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын билдирген.

Учурда бул ишти УКМКнын тергөө бөлүмү карап жатканы жана териштирүү иштери аяктаган соң айыпталып жаткан кызматкерлерге карата тиешелүү чечим кабыл алынары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан