Баткенде Кыргыз-Тажик окуучуларынын жаңжалы орун алды. Окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма жерлигинде мектептен келе жаткан төрт кыргыз окуучусун тажик айылынын 11-классынын 30га жакын окуучусу ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада 4 кыргыз окуучусу денелеринен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

"Кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды ур-токмокко алган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин ур-токмокко алган. Мындан улам эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолушкан.

Окуя катталгандан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, тиешелүү укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолугушуп, маселени жеринде карап, жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузууга жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүзүүнү макулдашты.

Учурда чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абал тынч. Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө", - деп билдиришти администрациядан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nazira...
2021-09-23 19:00:38
Качан тосулат деги. Ташиев келгенде айткан зым менен болсун да тособуз границаны деп. Кана, курук эле сөз окшойт, баягы эле аларга ишенип келе жаткан бечара эл кыйналып келе жатат.
+9
Baktiyar731
2021-09-23 19:20:45
nazira...,ишенчээк
+4
KG-312
2021-09-24 08:42:04
Кыргыздын үйү күйдү, унаасы талкаланды, малы уурдалды, чегарадан алып кирип кетти, таяк жеди, таш жеди, жаллаң Кыргыздар азап чегип эле жүрөт, качан Кыргыздар тажиктерди ошентет?
+2
Kurbanalieva1991
2021-09-24 09:53:55
Садыр менен Камчы элди эптеп сооротуп жатат, сасык тажиктер ушунча тийиш кылып жатат дагы деле биз жактан реакция жок. Барып кошоматчылык кылып келет эч нерсени чечпейт.
+1
Kurbanalieva1991
2021-09-24 09:56:00
Максатта согуш болгондо да биздин чоңдор атпагыла, тажиктерге 15 метр калганда атышка уруксат деп буйрук берген.
0
Kurbanalieva1991
2021-09-24 09:56:32
Баткен обл Лейлек районундагы Максат айылында.
0
Nurtoruk
2021-09-24 12:22:45
Бул Кыргызстандык Жамшудторбу мен тушунбодум же чек араны бузуп отушконбу
0
Zarema11
2021-09-24 12:35:35
Nurtoruk, бузуп өтүшкөн эмес Кыргызстандын бир айылына тажиктер отурукташкан жерден өтүшөт менимче. Мектептери да ошол аралыкта окшойт.
0
Mister-XXX
2021-09-24 14:29:56
Nurtoruk,Кыргызстандагы тажиктер окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан