Бишкекте жаранды бычак менен жарадар кылганга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда болжол менен саат 03:39 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуучу жайлардын биринен массалык мушташ болуп жатат деген чакыруу келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2004-жылы туулган С.У. аттуу жаранды белгисиз жарандар бычак менен жарадар кылып кеткендиги аныкталган.
Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин ("ээн баштык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.