Маркум жоокердин апасы Асыл Адылова окуя боюнча буларды айтты.
"17-сентябрь күнү түштөн кийин балам иштеген жерге бардым. Балам тосуп алды. Бирок командири жок экен, анын ордунда иштеп жаткан кызматкерге жолуктум. Сүйлөштүм дагы аларга үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу уулумду жумуштан бошотууну сурандым. Себеби мен жакында операция болмокмун. Ошондуктан мага балам айылда болуп турганы жакшы болмок. Аны түшүндүрүп анан кетип калдым. Балам иштеген жерден мени чыгарып, узатып койду. Үйгө келгенде кайра экөөбүз сүйлөшүп, аман-эсен келип алганымды айттым.
Мен үйгө келгенден кийин бир саат өтпөй мага командири чалып, суук кабарды айтты. "Эже, жана сиз келгенде балаңызга эмне дедиңиз эле?" деп сурады. Анан эле "эже, балаңыз сиз кеткенден кийин эле атынып алды" деди. Ошону менен Фучикадагы ооруканага бардым, алар баламдын каза болуп калганын айтышты".
Рустам Имановдун командири алгач ал "өзүн-өзү атып алды, андан кийин "аны башка жоокер атып алыптыр" деген маалыматты берген. Мындан улам алар бул жоромолго ишенбейт.
"Башында сөөктү үйгө алып келишкенде "атынып алыптыр, кызматта мындайлар болот, сабыр кылгыла" деп бетибизге айтышкан. Кайра биз уулумду жерге берип келген соң "биз иликтедик, балаңызды башка жоокер атып алыптыр" дешти.
Анын жашын сурасам 19 жаштагы 10 күндөн кийин аскердик кызматы аяктай турган бала экен. Менин балам каза болду, эми дагы бир жаш баланын убалына калгым келбейт. Мен аны атты дегенге ишенгим дагы келбейт", - дейт Адылова.
Учурда Рустам Имановдун өлүмүнө шектелип жаткан Кайрат Соңкөловдун таякеси Талантбек Соңкөлов анын бул ишти кылды дегенге ишенбейт.
"Менин колумда чоңойгон. Ал өз каалоосу менен аскердик кызмат өтөөгө барган. Анан кантип ушул ишти кылсын? Анын баш коргоо чарасы каралып жатканда, соттон ал күнөөсү жок экенин айтты. Алар жээнимди кыйнашкан", - деди Соңкөлов.