Мурдагы премьер-министр Темир Сариев сот залына алып келинди

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев сот залына алып келинди.

Бүгүн, 24-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралат. Учурда соттун алдында анын тарапташтары митинг уюштуруп жатышат.

Темир Сариев 3-августта "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Атайын кызмат Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда "Кумтөр" кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан