Турсунбай Бакир уулу “АКШ кыргыз депутаттарын, аткаминерлерин тыңшоого алууда” деди

АКШнын Атайын кызматтары Кыргызстандагы депутаттарды, аткаминерлерди жана саясий ишмерлерди тыңшоого алууда. Муну Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Айтымында, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана “Манас” аэропортундагы Жүк ташуучу транзиттик борбордун кызматкерлери өлкөгө сүйлөшүүлөрдү тыңшоочу жабдууларды алып кирүүдө. Бирок алар алып кирген жүк текшерилбей жатат.  

 

Жыйынга катышып жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Аман Мамбетсейитовго кайрылып: “Муну сиз жакшы билесиз, бирок эч нерсе кыла албайсыз. Мен билем, алар бизди тыңшоого алып жатышат”,- деди Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан