Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Асия Сасыкбаева («Ата Мекен»): “Учурда Түштүк Кореяда Кыргызстандын 4 миң жараны бар” ,-деп билдирди. Эл өкүлүнүн маалыматында алар окуп же иштеп жүргөндөр.
Кошумчалай кетсек, мисалы, Ош шаарынан эле 2008-2013- жылдар аралыгында Түштүк Корея өлкөсүнө жумушка орношуу максатында 800гө жакын жаран кетишкенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен эле.