Ошто 3 турак үй күйүп жатат

Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып жанындагы үйлөргө жайылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Амир-Тимур кичи районунун Беш-Капа көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт жакын жайгашкан турак үйлөргө өткөндүгүнө байланыштуу өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм, 1 штаб, ыкчам топ тартылды. Өрт саат 19:53тө чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Өрт үч турак үйдү каптады", - дешти мекемеден.

Кошумча маалыматты кийинчерээк берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2021-09-25 22:02:37
Ошто жер үйлөр көбүнчө бири- бирине тийип салынган. Өрт чыкча тез жайылат кошуна үйлөргө.
+4
nazira...
2021-09-25 22:59:24
Өзбөктөр ошентип жабыщтырып салышат го. Кудай сактасын адамдары тирүү бекен деги.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан