Бүгүн, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду.
Шевченко беттештин төртүнчү бөлүгүндө атаандашын техникалык нокаутка учуратты.
Жеңишинен кийин Валентина Шевченко кереметтүү Кыргыз өлкөсүнө салам айтты.
Муну менен Валентина Шевченко 8-ирет катары менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын 6-ирет коргоду. Анын атаандашы буга чейин бир дагы жолу мөөнөтүнөн мурда жеңиле электигин баса белгилей кетүү керек.