ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 53 жашка толду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында туулган.

Ал 1992-жылы Томск мамлекеттик университетинен “Инженер-химик” адистиги боюнча билим алып, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинен “юрист” адистиги боюнча билим алган.
Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Коомдук саясий ишмер 1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган. 1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген. 2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
Ал мамлекеттик кызматтарга 2002-2003-жылдары аралаша баштап, ошол жылы Кыргыз Республикасынын премьер-министринин аппарат жетекчисинин жардамчысы, 2003-2005-жылдары Бишкек шаарындагы Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
Камчыбек Ташиевдин саясий карьерасы 2005-жылдан тартып башталган. 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, кийин министр болгон.
2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагындагы улуттар аралык кагылышууну токтотууда Камчыбек Ташиев жеринде калк арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, негизги саясий ишмерлердин бири болгон. Анын бул аракети Ташиевге болгон ишенимди, урмат-сыйды бекемдеп, кадыр-барк алып келген. Ошол эле жылы ал өзү жетектеген "Ата Журт" мекенчил саясий партиясы менен оппозициялык көз карашта болгонуна карабастан, бийлик жана революциячыл партияларды шайлоодо жеңип алган. 2010-жылдын декабрынан тартып 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, “Ата Журт” депутаттык фракциясынын лидери болгон.
Камчыбек Ташиев башка оппозициячыл саясатчылар менен 2012-жылы 3-октябрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу талабы коюлган митинг өткөрүп, чогулган эл менен Ак Үйгө кирүүгө аракет кылган учурда кармалып камакка алынган. Бул сот процесстерин, анын камалышын Ташиевдин тарапташтары саясий куугунтук катары сыпаттап, бир катар мөөнөтсүз митингдер жол тосуулар, ачкачылык кармоо сыяктуу саясий акциялар менен коштолгон. 2013-жылдын 3-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты Кылмыш-жаза кодексинин “бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу тарап соттун бул чечимине нааразы болуп, жогорку инстанцияга кайрылган. Мындан улам Камчыбек Ташиев 2013-жылдын 13-июнунда Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулган.
Камчыбек Ташиев 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Бирок БШК "Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоого жакын калганда партиянын тизмесинен чыгарып салган. Буга Ташиев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповго кол көтөргөн деген маалымат негиз болгон.
2020-жылы октябрь окуясынан кийин УКМКнын төрагасы кызматын аркалап жатат.
27-сентябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан