Бүгүн, 27-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Жээнбеков сотко алып келинди.