Чүйдө үйдүн короосуна кирип унааны уурдай качкан шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери унаа уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 23-сентябрына караган түнү Москва районунун Төлөк айылынын тургунунун короосунан белгисиз адамдар Субару Форестер машинасын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында шектүү катары 1993-жылы туулган Т.Т. 2000-жылы туулган М.У. кармалап, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция кызматкерлери кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирген. Унаа Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагынан табылган жана жакынкы аралыкта ээсине кайтарылып берилет. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан