Жалал-Абадда 28 жаштагы кыз ашканада моюн орогучуна асынып алды

Жалал-Абад шаарында 28 жаштагы кыз киши өз үйүндө асынып алды. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү "102" кызматына шаардагы үйлөрдүн биринде жансыз дене табылганы боюнча маалымат түшүп, жерине ыкчам топ барган.

"Кызматкерлер барганда 1993-жылы туулган кыз киши үйүнүн ашканасындагы газ түтүкчөсүнө өзүнүн моюн орогучуна асынып алганы белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча кыз шаардагы тойлордо "Жар-жар" айтчу", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан