Жогорку Кеңештин комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан бошотуу боюнча документ түштү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналына маалымдады.
Анын айтымында, Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындалышы мүмкүн. Буга чейин ал Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, төрага жеке арызы боюнча отставкага кете алат, бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат, бул тууралуу парламенттин отурумуна чейин алдын ала билдирилүүгө тийиш.