Эсиңиздерде болсо буга чейин Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну Гүлбара Алдаярова Түркияда коронавирус менен ооруп, акчасы жоктугунан улам ооруканада күрөөдө жаткандыгы тууралуу жазганбыз. Дал ушул мекендешибиз 27-сентябрга караган түнү Бишкекке учуп келгендигин "Кайрымдуу бол" Коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз катчысы Тилек Айталиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Гүлбара Алдаярова мекендешибиз Бишкекке учуп келди. Биздин фонддун жетекчиси Азамат Байматов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эжеге салынган чоң суммадагы акча каражаты төлөнгөн жок. Эки адамга биз тараптан билет алынып, Гүлбара Алдаярова мекенге келди. Учурда ооруканада дарыланууда. Ал өзү жалгыз бой эне экен, бул жакта да үйү жок, улуу баласынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, күйөөсү каза болуп калган экен", - дейт Айталиев.