Парламенттик шайлоого карата биринчи жолу Венгрияда шайлоо участогу түзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШК Кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында (Венгрия) №9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды.
Ошентип алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти.
Ошондой эле быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы: