КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун экинчи күндүк дебаттары өтүүдө. Дебаттын үчүнчү бөлүгүндө талапкерлер социалдык тармактар тарабынан келген суроолорго жооп берди.
Анда "Жашасын Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Токтайым Үмөталиевага "Аскар Акаев өлкөгө келгенде сиз УКМКнын имаратына келип, аны кучактагансыз. Ал сизге ошол маалда эмне деди эле жана сиздин оюңуз боюнча Аскар Акаевдин Кумтөр боюнча ролу кандай?", - деген суроо берилди.
"Мен жөн гана аны менен учурашкым келген. Себеби, ал даярдап кеткен нерселер бизде азыр да колдонулат. Ал Кумтөр боюнча келип, өз көрсөтмөсүн берди. Бул эми тергөө. Ал эми мен аны кучактаганда ал мага "Айданек, мен сени көргөнүмө кубанычтамын" деди. Мен көп жылдардан бери өзүмдүн "Айданек" аттуу гезитимди чыгарып келем", - деп жооп берди Үмөталиева.
Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.