“Альянс” саясий партиясы таза шайлоо өткөрүү боюнча Меморандумга кол койду

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Бүгүн, 5-ноябрда “Альянс” саясий партиясы таза шайлоо өткөрүү боюнча Меморандумга кол койду. Иш-чарага саясий жарышка аттанган жалпы 21 партиянын өкүлдөрү жана талапкерлери катышты.

Меморандумга ылайык, шайлоо тууралуу мыйзамдын эрежелерин сактоо, шайлоо кампаниясын ачык-айкын өткөрүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын жогору коюу, саясий атаандаштар арасындагы талаштуу маселелерди мыйзамдын негизинде ачык дискуссия аркылуу чечүү, шайлоо маалында этикалык жана моралдык нормаларды сактоо, үгүт иштеринде административдик ресурстарды колдонбоо, добуштарды сатып албоо, башка талапкерлер тууралуу жалган маалыматтарды таратпоо жана башка Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында жазылган талаптарды аткаруу милдеттендирилген.

Меморандумга “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков кол коюп, милдеттенмелерди аткарууга убада кылды.

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 5-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан