Президенттин өкүлү: "Толкунбек Абдыгулов жыйынга келбейм деп жатса, кыйнай албайбыз да"

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралып жатат.

Бул боюнча баяндаманы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жасады. Анда депутат Дастан Бекешев Толкунбек Абдыгулов жыйынга келсе жакшы болмок деп айтты. "Кантсе да Улуттук банктын төрагасы да, өзү келсе болмок. Суроолор бар болчу", - дейт ал.

Анарбек Калматов: "Дайыма ушул суроону бересиз. Өзү келбейм деп жатса, кантип кыйнап алып келмек элек? Арызымды бердим, келбейм деди", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан