"Улуттук банкты талкалап албайлы". Жанар Акаев Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирбөө керектигин айтты

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралып жатат.

Депутат Жанар Акаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирбөө керектигин айтты.

"Анарбек Баратович (ред. президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов), сиз президентке айтышыңыз керек. Биз Улуттук банкты талкалап алуу коркунучунда турабыз. Эл аралык абройлуу каржы институттары дагы Абдыгуловдун кызматтан кетиши боюнча пикирлерин билдирип жатышат. Анткени ал киши Дүйнөлүк банк, ири каржы институттар менен иштешип жаткан. "Лигласс" деген чет өлкөлүк шылуундар келгенде биз дагы алардын жалганчы экенин таап чыкканда чоң окуянын бети ачылган. Азыр дагы чет элдик лоббисттер биздин уул-кыздарыбызды жумуштан алганга кызыкдар болсо, бул абдан туура эмес болот. Ошондуктан коомчулуктун, депутаттардын пикирин эске алып, Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирбөө керек. Улуттук банкты талкалап алып, эртең сомдун куну асманга чыгып, балээ баспасын. Өкмөттө өз тармагын жакшы билгендер кызматтан кетпеши зарыл. Улуттук банкка болгон зордук-зомбулук болбошу шарт", - деди Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан