Депутат Нурбаев Абдыгуловго: "Эгерде биз сиздин отставкаңызды колдобой койсок, Улуттук банктын төрагасы болуп иштей бересизби?"

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралып жатат.

Депутат Абдывахап Нурбаев: "Бул кызматта турсаңыз жакшы болмок. Жаңы кызматыңыз Кыргыз өлкөсүндө элеби?", - деп сурады.

Абдыгулов: "Азырынча белгисиз болуп жатат. Кайсы жакта болбосун билимибизди, тажрыйбабызды колдонобуз", - дейт.

Нурбаев: "Сиздин кеткениңиз экономикага залакасын тийгизиши мүмкүн. Эгерде баарыбыз каршы добуш берсек, кызматыңызда кала бересизби?", - деп сурады.

Абдыгулов: "Депутаттардын колдоосу Улуттук банк үчүн маанилүү болгон. Мен арыз жазгандан кийин колдоп беришиңиз керек", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан