ЖЫЛНААМА, 30-СЕНТЯБРЬ: Сулуулуктун эталону болгон италиялык актриса Моника Беллуччи 57 жашка толду

Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" аттуу ураандын автору, италиялык актриса, модель, сулуулуктун эталону болгон Моника Беллуччи бүгүн 57 жашка толду.

Өзүнүн курагынан алда канча жаш жана сулуу көрүнгөн, миллиондогон кыздардын кумирине айланган Моника жөнүндө кызыктуу маалыматтар менен тааныштырабыз.

Бала кездеги кыял

Толук аты-жөнү Моника Анна Мария Беллуччи. Ал ата-энесинин жалгыз кызы, атасы Луижи Беллуччи айыл чарба менен алектенген, ал эми апасы Мария Беллуччи сүрөтчү болгон. Кичине кезинен юрист болууну кыялданган Моника Перуджи университетинин юриспруденция факультетине тапшырат. Өзүнүн окуусунун акысын төлөө үчүн модель болуп иштей баштайт. Мода чөйрөсү жан дүйнөсүнө жакын экенин сезип, бала кезиндеги кыялынан баш тартып, профессионалдуу модель болууну чечет.

Ийгиликке болгон алгачкы кадамдар

16 жашында моделдик бизнесте акырындан аты чыга баштайт. 24 жашында моданын борбору болгон Миланга көчүп барып эң алгачкы "Elite model managament" компаниясы менен ири келишимге кол койгон. Бир жыл өткөн соң дүйнө жүзүнө белгилүү болгон.

Сулуулук менен айкалышкан акыл

Алгач элге тааныла баштагандан кийин эле Моника көпчүлүккө сырткы келбеттин сулуулугу жан дүйнөнүн байлыгы жана акыл менен айкалыша тургандыгын далилдегенге аракет кылчу. Моника өз эне тилинен башка англис, француз, испан тилдеринде эркин сүйлөйт. Моделдик бизнес менен эле токтолуп калбастан кино жаатын да багындыргысы келген Моника ал жактан да ийгилик жарата алган.

Актёрлук чеберчилик

Алгач актриса көпчүлүк биле бербеген "Уул балдар менен жашоо", "Кыянаттык менен пайдалануу" аттуу тасмаларда роль жараткан. Көптөн күткөн ийгиликти жана көрүүчүлөрдүн сүйүүсүн ага "Батир" тасмасы алып келген. Анда актриса ал маалда аябай белгилүү болуп турган француз актёру Венсан Кассель менен биргеликте ойногон. Көрүүчүлөрдүн жана кино сынчылардын арасында кайчы пикирди жаратып кино дүйнөсүн дүрбөлөңгө салган "Кайрылбас" тасмасына тартылган соң актриса атактуулуктун туу чокусуна жеткен. Бул кинодогу ролу үчүн актриса көптөгөн кино сыйлыктарга ээ болгон. Мындан сырткары актриса дүйнөдөгү эң сулуу 5 айымдын катарын толуктаган.

Жеке жашоосу

"Батир" тасмасына бирге тартылган Венсан Кассель менен актриса 5 жыл кыз-жигит мамилесинде жүрүп, 1999-жылы баш кошушкан. Моника 40 жашында эне болуу бактысынын даамын таткан. Моника жана Венсандын Дева жана Леони аттуу кыздары бар. Бирок 2013-жылы дүйнө жүзүнө белгилүү болгон түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан. Алардын мамилеси туура 19 жылга созулган. Кандай себептер менен ажырашканы тууралуу азыркыга чейин так маалымат жок.

30-сентябрга карата жылнаама.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aika2013
2021-09-30 01:45:21
Мен да ушул куну торолгом , АК бешикке болонгом, моникадан кем калбаимго
+6
souza.j
2021-09-30 02:04:48
Ден соолук сага Моника
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан