Бүгүн, 6-ноябрдагы өкмөт жыйынында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматовго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сөгүш жарыялады. Шаар башчыларынын мектеп рэкетчилигинин алдын алуудагы иштери жетишсиз деп бааланды.
Сатыбалдиев бир катар облус башчыларына да сөгүш жарыялана турганын билдирди.