Асылбек Жээнбеков журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй: 

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, ардактуу журналисттер! Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм.

 

Кыргызстан укуктук жактан сөз эркиндигин мамлекеттик саясат деңгээлине чейин көтөргөн демократиялуу мамлекет катары таанылып келет. Азыркы заманда адамзат маалыматсыз жашай албайт. Андыктан, маалыматты так, калыс жеткирүү сиздердин аракетке жараша болору бышык. Журналисттин чыгармачылыгы калк ишенимин жакшы жакка дагы бура алат, ошол эле маалда ал аны жокко чыгарууга да алы жетет. Эң маанилүүсү, журналисттин калеми канчалык курч болсо, ошончолук калыс, акыйкат болуусу шарт.  

Сиздердин эмгек үзүрүңөр коомчулук турмушуна жакшы маанай, үмүттү тартуулап, анын өнүгүүсүнө түрткү бере берсин.

Сиздерге бекем ден соолук, чыгармачыл ийгиликтерди каалайм. Коомчулукка окуяны таасын чагылдырып, акыйкат жана чынчыл маалымат таратуу милдетиңерди татыктуу ишке ашырууңарга тилектешмин”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан