Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетишин эл өкүлдөрү шоу кылып жибергенин айтты.
"Кечээ жыйындагы шоу жөнүндө айткым келди. Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетишин шоу кылып жибердик. Биз кыргыз эли эл аралык коомчулукка шылдың болдук. Эч кандай далили, себеби жок таза адамды орусиялык Владимир Фроловду кара пиар кылдык. Ушундай нерсени ыйык трибунадан айтуу уят. Ошондой сөздөрдү айткан кесиптештеримди чакырып кетет элем. Кыргыз элинин меймандостугун далилдейли. Колубузда далил жок болгондон кийин мындай каралоо болбойт. Анын жазган кодекси боюнча Орусия жашап жатат. Толкунбек Абдыгуловдун жакшы жактарын айттыңар. Бул туура. Миллиондон ашык ыйлап жаткан адамдар менен ишибиз жок. Ошого күнөөкөр адамга "Манас" орденин беребиз деп жатасыңар. Байкап сүйлөсөңүздөр, 134 микрокредиттик компания сүткорлук менен иштеп жатат. Бул Толкунбек Абдыгуловдун чыккынчылык саясаты болуп эсептелет", - дейт Ибраев.