Өкмөттүн 6-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Коңшу өлкөлөр Кыргызстандан 2 эсе көп электр энергиясын өндүрүп, бирок баалары биздегиден кымбат экенин мисал келтирген Сатыбалдиев: “Аларды айтпай эле коёлу, бирок биз да электр энергиясын үнөмдөөнү ойлонушубуз керек. Биздин мамлекетте көпчүлүк күнү-түнү светин өчүрбөйт. Үнөмдөшүбүз керек. Министр кышында өчүрүүлөр болбой турганын убадалады. Анын ишине жылуулук сезонунун аягында баа беребиз",- деди.