Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө Ленин районунун акими "бриллиант" жана "алтын" түгөйлөрдү майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, мындай өзгөчө иш-чара Карылардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.
"Бриллиант" жана "алтын" түгөйлөр ардактуу китепке кол коюшту. Ленин районунун акими Русланбек Тагаев аларды карылар күнү менен куттуктап, баалуу белектерин тапшырды.
Бишкектин Ленин району боюнча 2 "бриллиант" жана 14 "алтын" түгөйлөр жашайт", - деп жазылат маалыматта.