Бүгүн, 1-октябрда саат 21:00 чамасында жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыкты. Анда ал "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразы. Тактап айтканда, ал учурда камакта жаткан Асыла Талипованын ишине жактоочулук кылууда.
"Асыла Талипованын 6 баласы бар. Улуусу 12, кичүүсү 2 жашта. Ал алдамчылык фактысы менен кармалган. Бирок ал баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыккан. Буга чейин келинге карата 6 арыз жазылган. Бирок алар менен эсептешип бүткөн эле.
Себеби ал курулуш компаниялардын биринин жетекчиси. Пандемия учурунда бир аз иштери чыгып аны бүтүргөн. Алардын ичинен 18 миң 500 доллар карызы калган. Бирок ал карыздын жарымын четинен төлөп баштаган. Бирок 2 айлык үй камагында жүргөн убакта аны милиция кызматкерлери чакырып алып, андан соң камакка алышкан.
Октябрь РИИБинде кызматкерлер арасында баш аламандык болуп жатат. Аларга бул себеп болуп, аны колдонушууда.
Мындан улам мен Бишкек ШИИББинин алдына жалгыз митингге чыктым. Октябрь РИИБинин жана Бишкек ШИИББинин башчысына, ошондой эле президент Садыр Жапаровго кайрылам. Бул ишти жеке көзөмөлгө алып карап берүүлөрүн суранам", - деди Канат Хасанов.