Өлкө башчы Садыр Жапаров коомдо кеңири талкууланып жаткан "Кумтөр" маселеси боюнча оюн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? "Кумтөрдү" көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду.
Казып жатабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт", - деп жазды Садыр Жапаров.
Буга чейин Женева шаарында "Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталгандыгы кабарланган.