Дүйнө чемпиондугу: Арсалан Будажапов жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери башталды.

Бул Дүйнө чемпиондугуна 79 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Арсалан Будажапов алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда орусиялык Радик Валиев аттуу балбан менен кез келди.

Кыргыз балбанынын далысын атаандашы жерге таза басып, жеңишке жетти.

Эми Арсалан Будажаповдун Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү Радик Валиевден көз каранды болот.

Арсалан Будажапов 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан