Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта жарым финалга чыкты.
1/4 финалда Алибек Осмонов украиналык Василий Шуптар аттуу балбан менен кез келип, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык Бабак Язданичерати менен кез келет. Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.
Алибек Осмонов 1/16 финалда франциялык Марван Йезза аттуу балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/4 финалда бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде жеңген.
Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта быйыл, 2021-жылы өлкө чемпиону аталган.