Дүйнө чемпиондугу: Алибек Осмонов 1/4 финалга чыкты

Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан Алибек Осмонов алгачкы беттешинде франциялык Марван Йезза аттуу балбан менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты жана анда бразилиялык балбан менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. 1/4 финалда Алибек Осмонов украиналык Василий Шуптар менен кез келет.

Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта быйыл, 2021-жылы өлкө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан