Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калды.
Жарым финалда Алибек Осмонов ирандык Амирмохаммад Язданичерати аттуу балбан менен кез келип, 5:4 эсебинде жеңилип калды.
Беттеш бүтөрүнө 5 секунд калганда кыргыз балбаны 4:4 эсебинде жеңип жаткан. Акыркы 3 секунд калганда каршылаш Алибек Осмоновду килемден түртүп чыгарып, 1 упай алып кетти.
Эми Алибек Осмонов коло байге үчүн күрөшөт.
Алибек Осмонов 1/16 финалда франциялык Марван Йезза аттуу балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/8 финалда бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде жеңген. Ал эми 1/4 финалда украиналык күчтүү делген Василий Шуптар менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:3 эсебинде жеңишке жеткен.
Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта быйыл, 2021-жылы өлкө чемпиону аталган.